Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы жайыт пайдалануучулар кайрадан чогулуп, жайыт акыга болгон төлөмдүн тарифин бекитишти.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, чогулгандар 2023-жылдан бери жайыт бөлүмү тарабынан канча каржы чогулуп, кандай жумуштар аткарылганын угушту. Алар жайыт бөлүмүн жоюп, ар бир айылда бирден жайыт адиси гана иштешип талап кылышты. Ошондой эле бул жылга кандай иштер аткарылып, жайыт адистеринин эмгек акылары кандай боло тургандыгына кызыгышты. Аны менен катар быйылкы жылдын жайыт акысы жана жандык башына төлөнүүчү салыктын өлчөмүн талкуулап, бир баада бекилишин талап кылышты.
Чогулгандар арасында жайыт боюнча нааразычылыктар айтылып, жайыт бөлүмүн реформалоо керектигин, жайыт бөлүмүнүн кереги жок экенин айтышты. Алар Чаек айыл өкмөтүнө караган Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарына бирден жайыт адиси калышы керектигин жана Чаек айылына да бир адис жетиштүү болоорун, бөлүм башчы менен эсепчини кыскартуу керектигин белгилешти.
Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Күчмуратовдун айтымында, учурда жайыт муниципалдык ишкананын карамагында. Ал бөлүм жоюлганын жана ар бир айылга бирден адис калганын айтып, жайыттын эсепчиси да жоюула турганын билдирди. Бул боюнча айыл өкмөттүн алдындагы «Чаек» муниципалдык ишканасынын башчысына сунуш берүүнү убадалады.
Быйылкы жылы жайытка болгон тарифи:
- бодо малдын башына — 120 сом;
- майда жандыкка —25 сом (буга чейин 100-20);
- чабандардын акысы бодо малга — 700 сом, жандыкка — 100 сом (буга чейин 60-80).