Turmush — Бүгүн, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районуна келди.
Өлкө башчы маданий жана калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Бул арада милиция кызматкерлери жарандарга белгиленген тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук коопсуздукту камсыз кылышууда.
Буга чейин өлкө башчы Ош шаарынын, Араван, Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай райондорунун тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн уккан.