Turmush — 5-апрель күнү Ат-Башы районунда итке таланган 13 жаштагы өспүрүм бала үйүндө дарыланууда. Бул тууралуу Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 5-апрель күнү саат 15:30 чамасында болгон. Ал ат менен келе жатып, туугандарына учурашуу үчүн токтогондо, алардын ити күтүүсүздөн каап кеткен. Ит баланын жамбаштарын жана буттарын тиштегилеп салган. Ал жарым сааттын ичинде ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер тарабынан жаракаттары жуулуп, кутурмага каршы вакцина сайылган.
Учурда абалы туруктуу.