Turmush — 33 жаштагы Аркадий Алёхин учурда Бишкекте таксист болуп эмгектенет. Улуту орус болгонуна карабай, кыргыз тилин эркин сүйлөгөн каарманыбыз кардарларын таң калтырып, жаштарды мамлекеттик тилди үйрөнүүгө үндөп келет.
Аркадий Алёхин 1993-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында төрөлгөн. Учурда Бишкек шаарында жашайт.
Анын айтымында, мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Тоо-кен институтунда билим алып, жардыруучу адистигине ээ болгон. Азыркы тапта такси кызматында эмгектенет.
«Улутум орус болсо да, кыргыз тилин жакшы билем. Кыргызча сүйлөөнү 3-класстан баштап үйрөнгөм. Айылда кыргыз балдар менен чогуу өсүп, алар менен дайыма баарлашып жүрүп, тилди өздөштүрүп кеттим.
Көп учурда кыргыздар менин кыргызча сүйлөгөнүмө таң калышат. “Сен да кыргызча билесиңби?” деп сурап калышат. Бул мага жагымдуу сезим тартуулайт.
Бир жолу буюртмага барсам, эки баласы бар аял чыкты. Ал мага орусча салам берди, мен болсо кыргызча учураштым. Ал аябай таң калып, дароо эле: “Сиз кыргызча билесизби?” деп сурады. Мен “ооба” дедим. Анан “Кайдан болосуз?” деди. Мен "Ысык-Көлдөн болом" дедим. Ал мени мактап, балдарына: “Молодец, көрдүңөрбү, бул орус ава да кыргызча сүйлөйт, а силер болсо билбейсиңер” деди. Мындай учурлар көп эле болот», — деди ал.
Аркадийдин айтымында, ата-энеси кыргыз тилин түшүнгөнү менен эркин сүйлөй алышпайт. Үй-бүлөдө төрт бир тууган: эки эжеси, бир карындашы бар. Ал үйдүн жалгыз уулу.
Жубайы менен студент кезде таанышкан. Ошол убакта өзү СТОдо иштеп, кошумча акча таап жүрсө, болочок жубайы алар тамактанган кафеде эмгектенчү.
«Ошол жерден таанышып, көпкө чейин дос болуп жүрдүк. Кийин мен Москвага иштегени кетип, ал жакта болжол менен 4 жылдай жүрдүм. Кайра келгенден кийин жолугуп, сүйлөшүп, баарын тактап, Ислам шарияты боюнча никеге турдук. Азыр бактылуу жашап жатабыз. Эки балабыз бар, экөө тең кыз. Келинчегим Бишкектен, улуту кыргыз», — деди ал.
Ошондой эле ал 3-класста Ислам динин кабыл алганын айтты.
«Мен 3-класста Ислам динин кабыл алгам. Анткени бардык досторум ушул динди тутунушчу. Айланам толугу менен ошол чөйрө болгондуктан, мен да алар менен бирге жүрүп калгам.
Бош убактымда досторум менен футбол ойногонду жакшы көрөм. Мындан тышкары, азыр видео монтаж менен да алектенип жатам. Келечекте видеоблог тартып, жаштарды кыргыз тилин үйрөнүүгө шыктандырууну каалайм.
Учурда ушул багытта алгачкы кадамдарды жасап, кыргызча сүйлөп, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылып жатам», — деди Аркадий Алёхин.