Turmush — 8-апрелде Баткен шаарында ишин оң жагына чечтирүү үчүн милицияга пара берүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди
Маалым болгондой, Баткен облусунда жүргүзүлүп жаткан «Транзит» иш-чарасынын алкагында Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине пара берүү фактысы катталды. Тактап айтканда, аткезчилик фактысы боюнча катталган тергөөгө чейинки текшерүү ишин жаап, маселесин оң жагына чечип берүү максатында Лейлек районунун тургуну 200 миң сом акчаны пара катары берип жаткан жеринен кармалган.
Шектүү катары Лейлек районунун Раззаков шаарынын 1996-жылы туулган М.К. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.