Turmush — Талас шаарына 2026-жылга карата шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо жана жаңы жолдорду куруу боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлдү.
Маалым болгондой, жыйында президент Садыр Жапаров тарабынан Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 910 млн сом каражаттын эсебинен жалпы 12 көчөгө 28 чакырым асфальт төшөө планы талкууланды.
Ошондой эле аталган иштерди сапаттуу жүргүзүп, Эгемендүүлүк майрамына чейин толук бүткөрүү зарылдыгы белгиленди. Иштер бардык көчөлөрдө бир учурда башталган үчүн тургундарга ыңгайсыздык жаралары айтылды.