Turmush — 1-апрелде Нарын районунун Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз үйүнүн сарайында асынып каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 8-апрелде Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, милицияга 1-апрель күнү саат 15:43 чамасында Нарын районунун Ийри-Суу айылында жашы жете элек өспүрүмдүн асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт Нарын РИИБдин тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге текшерүү жүргүзүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 2012-жылы туулган окуучусу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алгандыгы аныкталган. Маркумга карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүмү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары улантылууда.