Turmush — Кант шаарындагы Апрель баатырларына арналган эстеликтин алдында 7-апрель окуясында курман болгон баатырларды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин биринчи орун басары Капарбек Адиев, Кант шаарынын вице-мэри Улан Кадыров, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Турдубек Андашев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Апрель окуясынын катышуучулары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Капарбек Адиев бул күндү өлкө тарыхындагы кайра жаралууга багыт алган маанилүү күн катары белгилеп, 7-апрелдеги баатырлардын эрдиги жаштарга жана келечек муунга өрнөк болорун айтты. Ошондой эле ал курман болгондордун элеси кыргыз элинин жүрөгүндө жана тарыхында түбөлүк сакталарын белгиледи.
Ал эми Кант шаарынын вице-мэри Улан Кадыров Апрель окуясынын баа жеткис маанисине токтолуп, тарыхый бурулуш учурунда курман болгон азаматтардын эрдиги эч качан унутулбай турганын билдирди.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө эстеликке гүл коюлуп, Апрель окуясында курман болгон баатырларга багышталып куран окулду.
Апрель окуясы эркиндикти сүйгөн элдин мүдөөсү ишке ашкан, доорду жаңырткан тарыхый окуя катары тарыхта калды. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда Ысык-Ата районунун тургундары Чолпонбек Мусаев, Акылбек Турсуналиев жана Чыңгыз Актанов окко учуп, каза болушкан.