Turmush — Чекирбаев Эркинбек Замирович президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ал буга чейин Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген.
- Э.Чекирбаев 1987-жылы 25-майда Кочкор районунун Төлөк айылында туулган.
Буга чейин президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматында Сапарбеков Руслан Жайлообекович иштеп жаткан. Ал Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.