Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам Сары-Булуң—Миң-Куш унаа жолунда кечээ, 5-апрелде кыян жүрүп, жол жээктерине таштар түштү.
Райондук мамлекеттик администрациясынан Turmush басылмасына билдиришкендей, болжол менен саат 19:00 чамасында Сары-Булуң айылында тоо этектен түндүктөн түштүктү көздөй сел түшкөн. Азыркы күндө 5 үйдүн короо-жайын, бакчаларын, жолдорду суу каптады.
«Суу турак-жайларга коркунуч алып келген жок. Бирок адистер ошол эле учурда кооптуу экенин айтышты. Азыркы учурда аба ырайы бузулуп, жамгыр жаап жаткандыктан көпчүлүк жерлерде сел түшүү жана кыян жүрүп кетүү коркунучтары бар. Ошондой эле Түндүк—Түштүк альтернативдик унаа жолунда да тоо этектен таштар түшүп, айдоочуларга тоскоолдук жаратып келет», - деп айтылат маалыматта.
Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылды.