Turmush — Ош шаарында люктарды уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ж.у. К. жана А.у. Н. аттуу жарандар алдын ала макулдашууга барып, пайда табуу максатында башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун түрдө уурдагандыгы аныкталган. Тактап айтканда 2025-жылдын 11-декабрында саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Жапалак айылындагы Исаков көчөсүнө «Тойота Королла» үлгүсүндөгү унаа менен келишип, кылмыштын изин жашыруу максатында унаанын мамлекеттик номерлерин алдын ала жабышкан. Андан соң ошол жерде орнотуу үчүн даярдалган канализациянын 2 люгун жашыруун уурдап кетишкен. Натыйжада жабырлануучу К.Б.Ж.га 20 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жазык кодексинин 205-беренесинин тиешелүү бөлүктөрү (уурдоо) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Материалдар мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн соттук кароого жөнөтүлдү.