Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын 74 жаштагы тургуну, кол өнөрчү Сырга Мурзакматова жасалганына дээрлик 100 жыл болгон туш кийизди сактап жүрөт. Кол өнөрчү менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Өрнөктүү өмүр
Сырга Мурзакматова 1952-жылы Кош-Дөбө айылында туулган. 1969-жылы 1-май (азыркы Эргеш Мейманов атындагы) орто мектепти аяктаган соң Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети) физика-математика бөлүмүндө билим алган. Окуу жайды бүтүп келген соң 39 жыл аталган орто мектепте мугалим болуп эмгектенген. Үзүрлүү эмгегинин арты менен президенттин ардак грамотасы жана башка райондук, облустук сыйлыктарга ээ болгон. Мындан тышкары, Кош-Дөбө айылынын жана Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланган. Өмүрлүк жолдошу Өмүрзак Рысбеков 1946-жылы туулган. Союз учурунда чарбаларда айдоочу болуп эмгектенген.
Кол өнөрчүлүк
«Кол өнөрчүлүк боюнча айтсам. Шырдактын түрүн жасадым. Мындан тышкары, курак курап, ак сайма сайып, туш кийиз, көрпө, көлдөлөңдөрдү жасадым. Мен эми бул кол өнөрчүлүктү сатуу максатында жасаган эмесмин. Уул-кыздарыма оокат кылып берүүгө жасачумун. 39 жыл мугалим болуп иштедим. Бирок аны менен бирге эле кол өнөрчүлүктү дагы жасап жүрдүм. Эч кандай көргөзмөлөргө, сынактарга деле катышканым жок. Көргөзмөлөр, сынактар уюштурулуп жатканын укпаптырмын. Чакырышкан деле эмес. 1982-жылдары Кош-Дөбөдөгү кичинекей сейил бактын ичинде бир жолу кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулган. Андан бери андай уюштуруу иштери болуп жатканын угуп, көрө элекмин. Ошол көргөзмөгө өлгөн козулардын терилерин ийлеп, ошондон көрпө, жер төшөк жасаган элем. Ошол көрпө жер төшөктү "бизге сатыңыз" деп сурашкан. Аны мен атайын кызыма арнап жасаган элем. Ал убакта сатуу тууралуу ой жок болчу. "Бере албайм" деп берген жокмун. Ошондой көрпө жер төшөктөрдү көп жасадым».
100 жыл сакталган туш кийиз
«Илгери чоң энемдин Таалайкан Шоорук кызынын 1 уул, 1 кызы эле бар экен. Кызына арнап туш кийиз сайдырган экен. Кызы турмушка чыгып, бирок каза болуп калыптыр. Ал туш кийизди "балам кыздуу болсо, ошол кызына берем" деп сактап жүрүптүр. Мен 1972-жылы турмушка чыгып, 1976-жылы сеп беришти. Ошол себиме ушул туш кийизди кошуп берген. Чоң энем 1970-жылдары каза болуп калды. Өз энеме айтып, берип кетиптир. Кайсы жылдары сайдырганын билбейм. Бери дегенде 100 жыл болуп калды. Ошондон бери мен сактап жүрөм. Ортолорун бир аз күбө жеп коюптур. Ортолорун жаңыртып коёюн деп жатам. Кыздарымдын бирине таберик кылып берем. Туш кийизди саюу оңой эмес. Кара баркытка жиптерин ийрип, даярдап алып, бир ай отуруп сайып чыгасың. Мындан тышкары, тукаба кездемелер менен курак кылып дагы жасайт».
Күмүш тердик
«Мындан тышкары, чоң энемдер 1916-жылдары Кытайга качып, Кашкарга барышкан экен. Бирок ал жакка көпкө турбай кайра эле кайтып келишиптир. Ошондо каза болуп калган кызына арнап 1 баш кулундуу бээге күмүш тердик (ат жабдуусу) сатып алган экен. Ичи кийиз, сырты тери менен капталыптыр. Ортосун күмүш менен каптаган экен. Кызы каза болуп калгандыгына байланыштуу ал күмүш тердикти дагы мага беришкен. Кийин атам Ош жергесинен атайын сайма ээр сатып келип, ага күмүш тердикти кошуп сыйлуу жерлерге атка токуп, пайдаланып жүрдү. Аны дагы 30 жыл боюу сактап келгем. Кийиздерин күбө жеп, эскирип калган. Кийизин алып таштап, өзүн илип койгом. Музейге сурашты. Бербей койгом. Бир жолу бир аял "шаарда ушинтип күмүш буюмдарды алып жатыптыр, үйдө турганда эмне деп, биз дагы өткөрүп жибердик" дегенинен, анын тилине кирип мен дагы өткөрүп жиберип жатпаймынбы. Болгону 8 миң сом болгон».
Ак сайма, көрпө жер төшөктөр
«Илгери ак сайма деп койчубуз. Ак кездемеге түрдүү жиптерден жан-жаныбарлардын, жаратылыштын, гүлдөрдүн сүрөттөрүн түшүрүп, сайып чыкчубуз. Четтерин тордочубуз. Эми ал буюмдар бүгүнкү заманда пайдаланылбай калбадыбы. Ак сайма менен жаздыктарды каптачубуз. Ал эми козулардын терилерин жасалган көрпө жер төшөктөрдү айтайын. Жаңы туулуп, 3-4 күн эле жашап өлүп калган козулардын терилерин ыргытып жибербей, андан көрпө жер төшөктөрдү жасачумун. Малма деп коёт. Чоңураак идишке айранды куюп алып, терини чылап коёсуң. 2-3 күн чыланып тургандан кийин айрандан алып, жууп алабыз. Кол менен ары-бери тартып, терини чоёбуз. Оңой эле чоюлат. Козунун териси назик болот да. Ийлеп, даяр болгондо кесип алып, бири-бирине курап, көрпө жер төшөктөрдү жасайт элем.
Азыркы заманда кой-козунун терилери ар кай жерлерде таштанды болуп жатпайбы. Иттер тыткылап. Чоңоюп, сойгонго жарактуу болуп калган саксагай козулардын терилерин айранга ашатчумун. Кээ бир аялдар соляркага, айнага ашатабыз деп калчу. Андай ашаткан болбойт. Мен теринин үстүнө айранды төгүп алып, ага талканды же бозо сүзгөндөн калган топту айранга аралаштырып, терилерди бири-бирине беттеп, 1-2 күн коюп койчумун. Айран ачып чыкканда, теринин ички бети көөп чыгат. Андан кийин кырып алып, кайра айран шыбап, тоголоктоп коюп койчумун. Ошентип, бир жума убакыт ашатчумун. Андан соң терини жууп-тазалап алам. Анан жумуру жыгач терини коюп алып, чалгынын жардамы менен теринин ички бетин кырып чыкчубуз. Жолдошум кырып берчү. Анткени малды союп жатканда териде эттери дагы калып калчу да. Терилерди экөөбүз эки жагынан тартып, чоюп чыкчубуз. Даяр болгондон кийин көлдөлөңөрдү жасачумун. Учурда кол өнөрчүлүк менен алектенген деле жокмун. Жашым улгайып калды. Аларды жасаганга ал-күч жок».
100 жылдан ашык сакталган сандык
«Мындан башка, үйдө илгерки сандык бар. Жолдошумдун айтуусу боюнча, бул сандыкка деле 100 жылдан ашык убакыт болуптур. Мен эле 74 жашка чыктым. Илгери жолдошумдун чоң чоң атасы Кытайдан алган экен. Ичине нават, кант салышчу экен. Сырткы бети оюу түшүрүлгөн тери менен капталган. Үстүнө жанагы көлдөлөң, көрпөлөрдү жыйып, муну дагы сактап жүрөм».
200 жылдан ашык сакталган таш жаргылчак
«Ошондой эле, илгерки таш жаргылчак бар. Аны дагы сактап жүрөбүз. Илгери жолдошумдун чоң атасынын атасы көчүп-конуп жашап жүргөндө пайдаланып жүрчү экен. Ары-бери көчкөндө төөгө, өгүзгө артып алып, көчүшчү тура. Биз деле муну кийин пайдаланып жүрдүк. Буудай кууруп, талкан, угут тартчубуз. Кийин эле жаңы темир тегирмен, дробилкалар келгенде гана пайдаланбай калдык да. Бул таш жаргылчакка деле 100 эмес, 200 жылга чукул убакыт болуп кетти».