Turmush — Кечээ, 9-апрель Баткен районун Орто- Боз айылындагы Төрт-Көчөдө унаа кырсык катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кечээ саат 18:40 чамасында аталган жердеги жол чыракта Д.Ш.М башкарган жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү уна менен Тажикстандын тургуну башкарган «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Андан соң «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы жол чыракта токтоп турган, А.М.Д. айдап келе жаткан «Чанган» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан эч ким жаракат алган жок.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
\