Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагында Түп суусунун деңгээли көтөрүлдү. Мындан улам Кең-Суу жана Сары-Тологой айылындагы суу жээктери бекемделип жатат.
Райондук администрациянын маалыматына караганда, суу айыл чарба жерлерин жеп, жеке ишканага коркунуч жараткан. Анын негизинде район жетекчилиги, Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, суу чарба башкармалыгы, Каркыра айыл аймагы биргелешип, кооптуу делген жерлерде ыкчам чара көрүлүүдө.
Жаз мезгилинин келиши менен кышында жааган калың кар эригенден улам Түп суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Учурда бир нече оор техниканын жардамы менен 500 метр жээк бекемделип, иш уланууда.
Ошондой эле 4-апрелден баштап Сары-Тологой айылындагы Түп суусунун нугун буруу иштери уланып, болжол менен 270 метр жээк бекемделди. Ал эми дарыянын жээгин бекемдөөнүн негизги максаты Түп суусунун агымын көзөмөлдөө, айыл чарба жерлери, токойлорду коргоо болуп саналат.