Turmush — Социалдык тармактарда Ош шаарындагы унаа тектиктери сатылган «Кудайберди» базарынын алдында жайгашкан суу корук аймагына байланыштуу өзгөрүүлөр тууралуу видеолор тарады.
Видеодо айтылгандай, базардын кире беришиндеги Жекелик каналынын өткөн жылы ачылган бөлүгү кайрадан жабылып, анын үстүнө көпүрө курулган. Төлөгөн Касымбеков менен У.Салиева көчөлөрүнүн кесилишкен жеринен тартып базарга кирүүчү бөлүккө чейин жаңы жол уюштурулган.
Ош шаарынын курулуш тармагы боюнча вице-мэри Шумкарбек Пайзиев Turmush басылмасына берген комментарийинде мурдагы көпүрө бузулгандан кийин базарга келген айдоочулар унааларын Т.Касымбеков көчөсүнө токтотуп, жол тыгыны жаралып жатканын билдирди.
«Мурда ачылган каналдардын бирөөнүн да бети кайра тосулбайт. Бирок тетик базарга келгендер унааларын жол боюнда калтырып, аймакка кирбей, чоң жолдо тыгын жаратып жатат. Мындан тышкары, базардын жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары Касымбеков көчөсүнө чыгуу үчүн айланып, ТЭЦ тарап менен өтүүгө аргасыз болууда. Ошондуктан бул жерге көпүрө куруу зарылдыгы жаралды», - деди ал.
Базардын боюндагы Жекелик каналы 2024-жылдын жай айларында ошол кездеги мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда ачылган. Ал учурда суу корук аймагына мыйзамсыз курулган соода түйүндөрү алынган. Ошондой эле Касымбеков көчөсүнөн базарга кирүүгө тыюу салынып, И.Раззаков көчөсү аркылуу кирүүгө уруксат берилген.
Жалпысынан Ош шаарында 8 канал жана Ак-Буура дарыясы бар. Акыркы жылдары суу корук аймактарында мыйзамсыз курулуштар аныкталып, ар кандай жол менен тосулупп алынган каналдардын үстү ачылып жатат.