Turmush — Бүгүн, 24-апрелде «Альянс Алтын» ишканасы Талас облусундагы дарыгерлерге гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын жеткирди.
Маалым болгондой, коргонуучу кийимдер, көз айнектер, респираторлор, бахила, кол каптар Таластагы обсервацияда иштеген дарыгерлерге тапшырылды. Ага катар эле 100 респиратор жана коргонуучу кийимдер санитардык-карантиндик постто иштегендерге таратылат.
Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев облустун жашоочулары коронавирусту алдын алуу аракеттери үчүн «Альянс Алтын» көрсөтүп жаткан жардамдарды сезип жатканын белгиледи.
«Өзгөчө абал жарыялангандан бери Жерүй кенин иштеткен компания дарыгерлерге, тургундарга, социалдык кызматкерлерге тез арада керектүү жардамдарды берүү боюнча акция баштады. Биздин бардык суранычтар алар тараптан толук канааттандырылып жатат», - деди Мураталиев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова алынып келген коргонуучу кийимдердин сапаты жакшы экендигин айтты.
«Бул илдет башталгандан тарта «Альянс-Алтын» медициналык жабдыктар жана медициналык каражаттар менен такай камсыз кылып жатат. Ар бир келген медициналык каражаттардын сапаты жогорку деңгээлде. Медицина кызматкери катары айта алам, сапаты аябай жакшы», - деди ал.