Turmush — Талас облусуна 2000 кап ун алынып келди. Бул тууралуу Талас шаардык кеңешинин депутаты Тимур Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, бул ун «Исмаил ата» фонду тарабынан берилген.
«Унду жакыр үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган балдарга, майып бала баккандарга таратып жатабыз. 2000 кап ундун 800 кабы Талас шаарынын тургундарына, калганы 4 райондун элине таратылды. Муну менен катар аталган фонддон Талас облусуна 3000 даана бет кап алынып келип, алар дагы таратылды», - деди ал.
Талас шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шабдановдун айтымында, учурда оор шартта жашаган адамдар жардамга муктаж.
«Баарыбызга маалым болгондой бир нече күндөн бери карантин болуп жатат. Биз эл ичинде болгондон кийин эл үчүн жардам издеп баштадык. Алгачкылардан болуп «Исмаил ата» фонду жардамга келип, 2000 кап ун алып келип беришти. Күнүмдүк тамак-ашын таап жашагандар бар. Кечинде тамагы болуп, эртең менен тамак-аш алганга каражаты жок калгандар болуп жатат. Ошол адамдарга бул нерсе жакшы жардам болот деп ишенем. Мындай иштерди көргөн башка ишкерлер үлгү болуп, элибизге ушундай учурда кол кабыш кылышат деп ойлойм. Алганда сүйүнүп, канчасы батасын берип жатышат. Учурда бөлүнбөй, бир муштумдай ынтымакта болсок бул илдетти жеңебиз. Бул унду таркатууга облустун демилгелүү жаштары активдүү катышты», - деди ал.