Turmush — Талас облусунун тургундары Жерүй кенинин «Бакубат Талас» фондунан ишкерлигин өнүктүрүү максатында 8% насыя алып, пайдасын көрүүдө.
Талас шаарынын тургуну Исаева Роза мындан, 3 жыл мурун фонддон 8% менен 2 млн 200 миң сом насыя алган.
«Мен мурунтан эле ишкерлик менен алектенчүмүн. Мындан 3 жыл мурун насыя алып, ишкерлигимди көбөйтүүнү чечтим. Бардык банктарды анализдеп, маалымат алып жаттым. Анан бул фонддун 8% насыясы тууралуу угуп, толук маалымат алып, тиешелүү документтерди топтодук. Насыяны берүү үчүн жылдын этегине көбүрөөк төлөй турган кылып, өзүбүзгө ылайыктуу график түзүп алып төлөдүк. Мына, 3 жыл аралыгында алган насыяны төлөп бүттүк. Насыя арзан, ыңгайлуу, ишкерликке ылайыктуу болду десем болот», - деди ал.
Социалдык долбоорлорду ишке ашырууда «Бакубат Таластын» каржылоосу менен Талас шаарындагы №5 орто мектебинин айнектери жаңыланды. Мектеп директору Алтын Үмөталиева мектептин терезелери 1986-жылдан бери алмаштырылбаганын айтты.
«2019-жылдын ноябрь айында фондго айнектерди желим, заманбап терезеге которуу үчүн кайрылуу таштагам. Долбоор 2020-жылдын 10-февралына чейин ишке ашып, мектептин 148 терезеси которулду. Жалпы 2 млн сомго жакын каражатка бүттү», - деди директор.
Талас шаарындагы «Нагима апа» бала бакчасына 538 миң сомго тосмо орнотулду. Бала бакчанын жетекчиси Зинаида Аллаярова жалпы 800 квадрат метр жерге балдарга ылайыкталган тосмолор орнотулуп, 120 метр жерге дарбаза коюлганын белгиледи.