Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 29.11.2019 16:58

Таласта «Зомбулукка жол жок» акциясы өттү

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Кара-Буура жана Талас райондорунун мектептеринде «Зомбулукка жол жок» акциясы өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Маалыматка караганда, акциянын алкагында окуучуларга зомбулук тууралуу түшүндүрмө берилип, алар сценкалар аркылуу зордук-зомбулукка каршы экенин билдиришти.

«Акцияда ар бир баланын укугу корголууга тийиш экени белгиленди. Быйыл облуста өспүрүмдөргө зордук-зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча арыз түшкөн эмес», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×