Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 29.11.2019 11:18

Таласта ушул жылы 800 жолбун ит атылды

Бродячие обаки
Бродячие обаки

Turmush -  Талас шаарында соңку 11 айдын ичинде 800 жолбун ит атылды. Бул тууралуу Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, ушул жылы 1200 жолбун ит атуу пландалган. Ал үчүн атайын топ белгиленген убактарда шаардын аймактарын кыдырышат.

Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүнкү күндө Талас шаарынын борбордук базарынын тегерегинде жолбун иттер көбөйдү.

«Мен борбордук базардын жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайм. Түндө эшикке чыксаң, иттер топ-топ болуп жүрүшөт. Алардын жанына жолой албайсың. Кичинекей балдарды эшикке чыгаргандан коркуп жатабыз», - деди шаар тургуну Бакыт Чубаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×