Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 26.11.2019 13:06

Таластын борборунда унаасын чимирилтип айдаган жигитке 7500 сом айып салынды

Turmush -  Талас облустук администрациясынын имаратынын астында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унааны чимирилтип айдаган жигитке айып салынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 23-ноябрда унаасын Талас шаарынын борбордук аянтында чимирилтип айдаган жигит 1995-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ал ошол күнү кар жаагандыктан унаасынын кышка даярдыгын текшерүү үчүн айдап көргөндүгүн билдирген. Ага карата протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Тургундардын жаштар күн сайын унааларын чимирилтип айдап жатканы тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт. Борбордук аянт күн сайын текшерилип турат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Талас облустук администрациясынын имаратынын астында белгисиз жигиттер жол эрежесин бузуп, «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унааны чимирилтип айдашканы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×