Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 26.11.2019 12:25

Талас шаарынын көчөлөрүнө 45 тонна кум себилди

Turmush -  Кечээ, 26-ноябрдан бери Талас шаарынын көчөлөрүнө кум менен туз себилип жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын коммуналдык чарба ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

Анын айтымында, кечээ Талас шаарына кар жаагандыктан жолдорду кардан тазалоо иштери башталган. 2 күндөн бери 45 тонна кум, 2,5 тонна туз себилди.

«Жолдор жылгаяк болуп калгандыктан кум менен туз себүүнү улантып жатабыз. Жалпы кыш айларына жылгаяктарга себүү үчүн 15 тонна туз, 300 тонна кум каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×