Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 25.11.2019 18:16

Таласта байгесине 1 млн сом коюлган көк бөрү мелдеши жыйынтыкталды

Turmush -  23-24-ноябрь күндөрү Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майданда «Талас-Ош ынтымагы» аталышындагы облустар аралык көк бөрү турнири өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Турнирдин уюштуруучусу Талас Бегалиевдин айтымында, мелдешке жалпы 8 команда катышып, байге фонду 1 млн сомду түздү.

«2 күндүк оюндун жыйынтыгы бүгүн, 25-ноябрда чыгып, сыйлыктар тапшырылды. Финалда Талас районунун жана Кара-Буура районунун командалары күч сынашты. Жыйынтыгында Талас районунун командасы баш байгени багындырды. Ошондой эле «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу менен «Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов Дубайга эс алууга жолдомо алышты. Андан сырткары атайын Манас Ниязовго үй-бүлөмдүн атынан аргымак мингиздик. Оюндун максаты — ынтымакты бекемдөө жана ортодогу достукту күчөтүү», - деди ал.

Жыйынтык:

1-орун — Талас району 300 миң сом байге;

2-орун — Кара-Буура району 200 миң сом байге;

3-орун — Кара-Суу району 100 миң сом байге;

4-орун — Бакай-Ата району 80 миң сом байге;

5-орун — Өзгөн району 70 миң сом байге;

6-орун — Ноокат району 60 миң сом байге;

7-орун — Манас району 50 миң сом байге;

8-орун — Өзгөн районунун экинчи курамасы 40 миң сом байге менен сыйланды.

Ошондой эле 2 облустан келген 40 жаштагы мырзалар оюнга чыгып, Оштун мырзалары 40 миң сом, таластыктар 20 миң сом байге ээ болду. Андан соң атайын Оштон келген жигиттерге сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×