Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 25.11.2019 16:42

Таластагы чиновниктин аңчылыгы. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  23-ноябрда Талас районунда мыйзамсыз кекилик аткан 2 адамдын кармалышынын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин маалыматына караганда, аларга 20 миң сомго чейин айыптар салынды.

«Мыйзамсыз аңчылык үчүн кармалган адамдардын экөөндө тең аңчылыкка чыгууга уруксат берилген документтери болгон. Бирок алар аңчылык кылууга тыюу салынган жерде кекилик атканы үчүн айып пулга тартылышат. Бизден алардын үстүнөн арыз кетти. Алар 10 күндүн ичинде келбесе иш сотко өтөт. Замир Кокоевге 12 миң сом административдик айып, калган кекиликтер үчүн эсептегенде жалпы 18520 сом айып, жанындагы адам 20 миң 500 сом айып төлөшөт», - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бири Замир Кокоев Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өзгөчө кырдаалдар жана коопсуздук бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенет.

«Мен аталган департаменттин үстүнөн сотко кайрылам деп жатам. Аягына чейин териштирбей туруп, мындай маалымат таратып жатышат. Менде аңчылык үчүн берилген бардык кагаздарым бар. Мен жөнү жок барбайт болчумун», - деди Кокоев.

Буга чейин 23-ноябрда Талас районунун Чонор аймагынан мыйзамсыз кекилик аткан 2 адам кармалганы белгилүү болгон. Алар атайын рейд учурунда кармалган. Кармалгандардын бири Э.К. 4 кекилик, З.К. 2 кекилик, 1 чил аткандыгы такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×