Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 24.11.2019 14:00

Таласта төө буурчак фестивалы өттү

Turmush -  Кечээ, 23-ноябрь күнү Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде төө буурчак фестивалы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага 200дөй адам катышты. Анын алкагында дыйкандардын төө буурчактан жасалган продукцияларынын жармаңкеси болуп, төө буурчак пастасы, төө буурчак кошулмасы (приправа), төө буурчактан жасалган таттуу токочтор көрсөтүлдү. Ошондой эле «Талас облусунун өндүрүштүк экспорттук потенциалы» аталышындагы талкуу уюштурулду. Анын жүрүшүндө Талас облусундагы ишкерлер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×