Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 22.11.2019 17:10

Айыл турмушу: А.Асанбекова шам чырак гүлдөрдү жасап сатып, ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 27 жаштагы тургуну Айжамал Асанбекова 5 жылдан бери жеке ишкерлик кылып, шам чырак (светильник) гүлдөрдү жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Токмок шаарынын Шамшы айылынын кызы. Таласка 2015-жылы келин болуп келген.

«Гүлдөрдү мындан 5 жыл мурун жасай баштагам. Башында кагаздан эле жасап жүрдүм. Кийин курбу кызымдын сунушу менен үлпөт тойдо кыз көтөрүп жүрүүчү гүлдөрдү жасап баштадым. Ошол эле убакта атайын төш мончокторду да жасап жүрдүм. Анткени өзүм жоолук салынып жүргөндөн кийин ыңгайлуу болсун деп жасачумун. Бирок буйрутма көп түшүп, мени кубандырган. Чоң гүлдөрдү келин болуп келген жылдан бери жасайм. Кайын журтум атайын бир бөлмө бөлүп берип койгон. Ал жер менин ишканам. Гүлдөр чоң болгондуктан, материалдар бир бөлмөнү ээлейт. Бөлмөмө кирип-чыгып гүл жасап жүрө берем. Келин болгондуктан кызмат кылыш керек, үй жумуштарын аткарыш керек дегендей. Анын үстүнө кызым 3 айлык, кичинекей. Ага карабай бош убактымда гүл жасай берем. Көбүнчө түнкүсүн жасайм. Түнкү саат эки-үчкө чейин жасап, андан кийин уктайм.

Шам чырак гүлдөрдү жасоого материалдарды атайын Москвадан алдыртам. Баасы материалдардын сапатына жараша болот. Жакшысы кымбат, сапаты начарлар арзан. Көбүнчө арзан баага качышат. Бирок кымбат нерсенин сапаты жакшы болоорун көпчүлүк түшүнө бербейт экен. Гүлдөрүм 1800 сомдон 5000 сомго чейин бааланат. Мага жолдошум жардам берет. Мен гүлдүн өзүн, жалбырактарын жасап берсем, жолдошум темирлерин, зымдарын жасап даярдап берет. Экөөлөп иш кылабыз. Жасаган ар бир гүлүмдү мактоо менен кабыл алышат. Алар мага дем-күч берип жатса андан да кооз гүлдөрдү жасагым келет. Атайлап деле буйрутмаларды албайм. Азыр интернет булактары күч алып турган заман. Жасалган гүлдөрдү интернеттен эле сатам», - деди ал.

Чебер айым учурда 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×