Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 22.11.2019 12:38

Таласта жолчулар менен жеке ишкерлер сыйланышты

Turmush -  Бүгүн, 22-ноябрда Талас облусунун жетекчилиги жол куруучулар жана жеке ишкерлерди сыйлады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, облус аймагында жеке ишкерлик кылып, жумуш орун түзгөн 10 ишкерге Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев ардак грамоталарды тапшырды. Муну менен катар жол куруучулар, ашууларда жааган карды тазалаган жол тейлөө бөлүмдөрүнүн 10 кызматкерине ардак баракчалар ыйгарылды.

«Таласта жолдордун сапаты начар болууда. Акыркы жылдары салынган кээ бир жолдор 5-6 жылдан кийин эле бузулуп калып жатканын көрүп жатабыз. Эл үчүн салым кылып иштейли. 2 жылдан бери Талас шаарынын тазалыгы үчүн көп аракет кылдык. Бүгүнкү күндө шаарыбыздын тазалыгын сактап, ар бир ишкер өзүңүздөрдүн аймакты таза сактаңыздар», - деди Мураталиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×