Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 22.11.2019 11:02

Таласта студенттер арасында интеллектуалдык сынак өттү

Turmush -  Кечээ, 21-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде студенттер арасында интеллектуалдык сынак өттү. Бул тууралуу аймактагы кабарчыга Талас мамлекеттик университетинин студенттик парламентинин төрагасы Хантемир Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, сынак жаштарды китепти сүйүүгө, интеллектуалдык жактан билимин өстүрүүгө үндөө максатында уюштурулган. Ага 4 тайпа катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинен келген «Келечек жаштары» тайпасы, 2-орунду Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин «Биримдик» тайпасы ээледи. Аларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×