Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 22.11.2019 17:55

Айыл турмушу: А.Сыдыкова банктагы жумушун таштап, айымдарга сулуулук тартуулап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 27 жаштагы тургуну Альбина Сыдыкова банктагы кесибин таштап, айымдарга сулуулук тартуулап жатат. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча банкир.

«Айымдарга көрк берип, сулуулантуу менин хоббим болчу. Окуучулук кезде эле майрам күндөрү классташ кыздарымды боёнтуп берчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин банкирлик кесипти тандап, Бишкек шаарындагы банктардын биринде иштеп баштадым. Ал жерде дагы кесиптеш эжелер тойлорго барарда макияжын мага жасатып кетишчү. Визажисттик кесип менин жан дүйнөмдөгү кесип экенин байкадым. Атайын ушул багытта билим алууну туура көрдүм.

Азыркы учурда Талас шаарындагы салондордун биринде иштеп жатам. Жасап жаткан ишим өзүмө абдан жагат. Күнүгө түрдүү адамдар менен достошом. Кардар айым келгенде эле ага кандай макияж жасоо керек экенин көрүп турам. Алар менин жасалгалоомдон кийин өзүнүн жүзүн көрүп сүйүнгөнүн, толкундоолорун көрүү өзгөчө бир кубаныч жаратат. Көпчүлүк учурда кардарлар интернеттен сулуу айымдардын сүрөтүн көрсөтүп, «ушундай кылып жасап бер» деп суранат. Ар бир айымдын кыялын ишке ашырууга аракет жасайм.

Эртеден кечке чейин макияжда болом. Андан кийин кирпик өстүрүү менен алектенем. Өзүмдүн кардарларым алдын ала жазылып коюп, жумуштан кийин келишет. Кирпик улоо ушунчалык майда жумуш. Бир эле кардарга 2-3 саат убакыт кетирүүгө туура келет», - деди ал.

Альбина бийкеч үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×