Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 18.11.2019 16:24

Мектептен жаракат алып, эс-учун жоготкон кыз, милицияга арыз: Таластагы окуянын чоо-жайы

Turmush -  14-ноябрь күнү Талас шаарындагы №4 мектептин 8-классынын окуучусу А.Д. мектептен жаракат алып, учурда ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуучунун апасы Фарида Кулмамбетова билдирди.

Анын айтымында, кызы мектепте иш кылып жаткан учурда башынан жаракат алган.

«Окуя 14-ноябрь күнү болду. Улуу кызым Талас шаарындагы №4 мектепте 8-класста окуйт. Мен жумуштан үйгө саат 13:00дө келдим. Андан мурдараак кызымды 2 классташ кызы колтуктап кармап келип, үйгө таштап кетишиптир. Көрсө ал күнү эртең мененки саат 10:00 чамасында окуучулар мектептин бузулган жеринен пескоблок ташышкан экен. Ошол жерден пескоблоктун сыныгы кызымдын башына түшүп кетиптир. Ал жерден кызым эс-учун жоготуп коюптур. Мектептен муздак суу чачышып, биринчи жардам көрсөтүлүп, эс-учуна келгенден кийин үйгө 2 классташ кызы таштап кетишиптир. Мектептен үйгө чейин 2 аялдама бар. Классташ кыздары «улам токтотуп эс алдырып отуруп алып келдик» дешти. Үйдө кичүү кызым телефон чалып айтты. Мен угуп эле жумуштан үйгө келдим. Келсем чекеси шишип чыгыптыр. Поликлиникага алып барсам «ооруканага алып барыңыз» дешти. Талас облустук ооруканасына келсек текшерип, травматология бөлүмүнө жаткырышты. Бүгүнкү күндө кызым ушул жерде жатат. Мектепке барып, «жардам бергиле, ушундай болуп жатат» деп айттым. Мага 15-ноябрь күнү директору 2000 сом берген. Андан кийин дары-дармегине эч кандай жардам беришкен жок. Бүгүнкү күндө кызымдын дарылануусуна карызга акча сурап, текшерүүлөрдөн өткөрүп, дары-дармегин алып берип жатабыз. Бүгүн, 18-ноябрь күнү бул иш боюнча Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жазып келдим», - деди ал.

Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы оорукананын маалыматына караганда, кыз учурда дарылануусун улантып жатат.

«2005-жылы туулган А.Д. биздин бөлүмгө 14-ноябрь күнү саат 15:15 чамасында келген. Башынан жаракат алган деген диагноз коюлган. Учурда ооруканада дарыланууда», - деди дарыгерлер.

№4 мектептин директору Чыңгыз Чаловдун айтымында, окуя сабактан кийин болгон.

«Бул окуя сабактан кийин болгон. Мектептин алдындагы эски имаратты бузганбыз. Тегерек чети чаң болуп жаткандыктан жыйнаштырып коелу деп окуучулар жардам кылышкан. Ошол жерден капысынан ортого жыйнап жатканда окуучуга шлакоблоктун сыныгы тийип кетиптир. Биз ал боюнча кыздын ата-энесине жолугуп, чыгымдарын берип жатабыз. Бүгүнкү күнү чектеринин баары беришкен. Ошол чектери боюнча суммасын, башын текшерүүдөн өткөргөн чыгымдарын даярдап жатабыз.

Кыз эс-учун жоготкон эмес. Бир аз отурган. Андан кийин мектептин медайымы көрдү. Эч ким суу чачып ойготкон эмес. Ал эсин жоготуп кулаган эмес. Эгер андай болсо биз деле тез жардам кызматын чакыртмакпыз. Болгону башына шлакоблоктун кичинекей сыныгы тийип, жерге бир аз отуруп калган экен. Медайым көрүп, ошону менен үйүнө жөнөткөн. Ал жерден эч кандай «сотрясениенин» белгилери байкалган эмес экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×