Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 15.11.2019 17:20

Таласта студенттер арасында маданий сынак өттү

Turmush -  Бүгүн, 15-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде факультеттер арасында «Тамашоу» сынагы өттү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Студенттердин айтымында, иш-чаранын алкагында эң алдыңкы студенттерге ардак громаталар ыйгарылды. Сынакта ар бир команда өздөрүнүн даярдап келген программаларын көрсөтүшүп, аягында уткан 3 командага ардак громата жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтык:

1-орун — гуманитардык факультет (2000 сом);

2-орун — технология факультет (1500 сом сом);

3-орун — Кесиптик орто билим берүү бөлүмү (1000 сом).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×