Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 15.11.2019 13:46

Таласта мыйзамсыз түрдө 3 тонна бензин ташып бара жаткан адам кармалды

Turmush -  11-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Талас облусундагы мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча рейд уюштурду.

Түзүмдүн маалыматына караганда, рейддин алкагында А.М. аттуу адам айдап бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын ичинде желим идиштерде АИ-92 үлгүсүндөгү 3 тонна күйүүчү май бар экендиги такталды. Бирок анын тиешелүү документтери жок болуп чыкты. Учурда унаа айып короосуна киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×