Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 14.11.2019 11:45

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Таластагы жетекчиси Э.Төрөбаев башка районго которулду

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Талас регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Эрмек Төрөбаев 12-ноябрда Аксы, Ала-Бука, Чаткал регионалдык инспекциясына жетекчи болуп которулду. Бул тууралуу аталган инспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда түзүмдүн Таластагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Дуулат Бердалиев дайындалды. Д.Бердалиев 1999-жылдан бери айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштеп келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×