Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 13.11.2019 13:41

Нуркан Садралиев Талас облусундагы жол чарба департаментинин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Садралиев Нуркан Раимканович Транспорт жана жолдор министрлигинин Талас облусундагы жол чарба департаментине жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин тиешелүү буйругу 28-октябрь күнү чыккан.

Нуркан Садралиев 1964-жылы Талас шаарында төрөлгөн. Фрунзе шаарындагы автожол техникумунун техник-куруучу адистигине ээ болгон. Андан соң Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дүйнөлүк экономика бөлүмүн аяктаган. 1983-жылдан бери жол чарба департаментинде эмгектенип келе жатат. Жубайы экөө 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×