Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 12.11.2019 15:46

Таластагы университетте Илим күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 12-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде Илим күнү белгиленди. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинин техникалык илимдеринин кандидаты, доцент Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара окуу жайдын мугалимдер жана студенттери тарабынын уюштурулду.

«Бул иш-чарада окуу методикалык иштердин көргөзмөсүн, акыркы окуу жылдардагы илимий жыйнактарды, макеттерди көрсөтүп жатабыз. Биздин Талас мамлекеттик университетинин илимий потенциалын илимдин 5 доктору, илимдин 31 кандидаты түзүп жатат. Биздин илимий даражасы бар окутуучулардын саны 38% түзөт. Бул Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында жакшы көрсөткүч болуп эсептелинет.

Окуу жайдын алкагында биздин илим департаменти, Билим берүү жана илим министрлиги каржылап жаткан 4 долбоор иштеп жатат. Аларды бардык суммасы 1 млн 700 миң сом. Анын ичинде мен дагы илимий долбоорлорду жетектеп келем. Талас облусунда төө буурчак өсүмдүгү кененирээк жайылгандыктан аны жулуу кол менен жүрүп жатат. Ошол механизмди аткарган унаа ойлоп табуу үчүн илимий долбоор утканбыз. Эми быйыл ошол унааны схемасын таап, анын жакшы жана жаман жактарын караштырып көрдүк. Ушул унаанын макетин жасадык», - деди ал.

Илим күнү студенттердин концерттик программасы менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×