Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 11.11.2019 19:40

Мекендештер: А.Баязбекова Кытайда иштеп, кымбат унаа алып, алдыда бизнес ачууну көздөп жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 25 жаштагы Айдай Баязбекова Кытайдын Иу шаарындагы кафелеринин биринде менеджер болуш иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чет өлкөдө иштегендин кыйынчылыктары бар.

«Өзүм И.Ахунбаев атындагы медициналык академияны аяктагам. Окуп жүргөн учурда элчиликтердин биринде иштөөгө үлгүрдүм. Жумушумдун жардамы менен Малайзияда, Сингапурда жана Кытайда болдум. Учурда Кытайдын Иу шаарындагы кафелердин биринде менеджер болуп иштеп жатам. Албетте чет жакка иштөө аябай эле кыйын. Тил билишиң керек. Кытай тили кыйын тилдердин бири. Аны үйрөнүү аябагандай кыйын. Кытай мамлекетине виза ачылып калгандан кийин кытай тилин үйрөнө баштагам. Бул жакка келгениме 3 жыл болду.

Кызыктуу окуялар аябай көп эле болот. Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектепке тапшырып калдым. Айдоочулук күбөлүк алуу биздин мамлекеттегидей эле жеңил болот экен деп экзамен тапшырууга барсам аябагандай кыйын экен. Үйрөтүүчү унаалар абдан кымбат унаалар болгондуктан коркуп жатып үйрөндүм. Бирок соңунда тажрыйбалуу айдоочу болуп чыгып, «BMW X5» үлгүсүндөгү унаа сатып алганга жетиштим.

Биринчи жолу Кытайга келгенде ачка болуп кафелердин бирине кирдим. Тамактарын билчү эмесмин. Биздин тамактарга окшошураак бир тамакты алып келүүгө буйрутма бердим. Ал тамагым келгенде көрүп алып абдан коркуп кеттим. Ал тамак тирүү курт-кумурскалар менен жасалган тамак экен. Бош убактымда спорт менен машыгам. Дем алыш күндөрү Кытайдын кооз жерлерине саякаттайм. Алдыда Кытайда өзүмдүн чакан бизнесимди ачсам деген пландарым бар», - деди ал.

Айдай бийкеч үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×