Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 11.11.2019 11:31

Айыл турмушу: Таластык М.Осмонбеков 10 миң долларга чейин бааланган күлүктөрдү багып сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 42 жаштагы тургуну Манас Осмонбеков 10 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айрым жылкылары 10 миң долларга чейин сатылган. Кесиби боюнча экономист.

«Жылкы баласынын асылдуулугун эске алып, аларды 10 жылдан ашуун убакыттан бери багып келем. Атам менен акем жакшы жылкыларды багышчу. Азыркы кезде ал ишти мен улап кеттим десем болот. Менин жылкы баласын багууга кызыгуум абдан чоң. Китептерден аларды багуунун сырларын окуп турам. Учурда 10дон ашык баш таза кандуу жылкыларды карап жатам. Көбүнчөсү англис, араб, орус жана кыргыз породасындагы жылкылар. Азыр 2 асый кезинде Россиядан 200 миң сомго келген жылкыны багып жатам. Ал азыр 4 асый болду. Андан тышкары ортомчу балдардан башка өлкөдөн келген таза кандуу жылкыларды алып турам.

Бүгүнкү күндө сатып алам деп келгендер көп. Бирок сатыла элек, себеби баасы чыкпай жатат. 2 жыл мурда 10 миң долларга көк бөрүгө ылайыктуу Арбат деген күлүк ат саткам. Арбат азыр дагы республикалык деңгээлдеги көк бөрү мелдештерге чыгып жүрөт. Башка областарга дагы көбөйтүү максатында алып кетишкендери бар. Таза кандуу жылкылар назик келишет. Күнү-түнү кароого муктаж. Күн бир аз сууктап калса эле жылуу жерге кармап, витаминдүү тоют берем.

Кыргыз жылкылары менен аргындаштыргандарым дагы бар. Себеби биздин кыргыз жылкылар чыдамкай, күчтүү, өжөр, бекем болот. Ар бир жылкыга ысым коюлуп, китепчеге ээ болот. Убагында ветеринарлардын көзөмөлүнөн өтүп турат. Тамагын түрлөп арпа, буудай, жүгөрү, беде жана башка чөптөрдү берем. Алдыда асыл тукум жылкыларды көбөйтүү максатым бар», - деди ал.

Манас саяпкер 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×