Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 11.11.2019 09:22

Таласта белгилүү көк бөрүчү Аудасбек Мырзабек уулу үйлөндү

Turmush -  Таластык 24 жаштагы көк бөрүчү Аудасбек Мырзабек уулу үйлөндү. Бул тууралуу Turmush басылмасына көк бөрүчү өзү билдирди.

Анын айтымында, жубайы Жылдыз экөө 1 жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүп жүрүшкөн.

«7-ноябрда кыргыздын каада-салты менен Жылдыздын ата-энесинин алдынан өтүп баш коштук. 12-ноябрь күнү жалпы элге той өткөрүү алдында турабыз», - деди ал.

Аудасбек жөнүндө:

Аудасбек Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында төрөлгөн. Ал буга чейин Turmush басылмасына берген маегинде ысымы кандай маанини билдирерин билбей тургандыгын айтып берген.

«Менин атымды уккан адамдар алгач 2-3 ирет сурап, андан соң сөзсүз түрдө «кыргызсыңбы?» деп суроо салышат. Мен кыргыз жигити болом. Атым кандай маанини берип турарын ушул күнгө чейин толук түшүнө албай келем. Бирок кандай максатта коюшканын чоң апам айтып калат. Мындан көп жылдар мурун Өзбекстанда Аудасбек аттуу белгилүү көк бөрүчү чыккан экен. Ошонун атынан мени дагы ат жалында ойногон жигит болсун деп, чоң атам атымды Аудасбек деп койгон экен. Азыр наристеге ат коёрдо жакшы ниет менен койсо кабыл болоруна ишендим. Азыркы учурда чоң атамдын ниети кабыл болуп, Таластын көк бөрү боюнча «Ынтымак» курама командасында ойноп келем. Мен оюнга жаңы кабыл алынганда бул жактагы акелер «атың башкача экен» деп, менин атымды Абдулас деп жазып коюшкан. 1 жыл ошол Абдулас деген ат менен ойнодум. Жаңы жылдан баштап Аудасбек деп чоң атам ыйгарган ат менен таанылып келе жатам.

Бир жолу 2 бала менин атымды талашып, мелдеше кетишкен экен. Бири атымды Аудасбек десе, экинчиси Абдулас деп айтып, экөө үйгө келишиптир. Ошондо атым айланамдагы адамдарды кызыктырып жатканына өзүм дагы таң калгам», - деди ал.

Аудасбек мырза үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×