Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 01.11.2019 14:20 Жаңыланды: 11.11.2019 09:09

Айыл турмушу: 19 жаштагы Каныкей кыз-келиндерге сулуулук тартуулайт (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Каныкей Мырзатаева 16 жашынан баштап айымдарды сулуулап иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сулуулук тармагында иштөө хоббиси.

«Мектептен 9-классты аяктап, Талас мамлекеттик агрардык колледжинде окудум. Учурда жумуш жоктугуна байланыштуу өзүмдүн хоббим менен алектенүүгө туура келди. Кичине кезимде сүрөттү жакшы тартып, сүрөтчү болууга кызыкчумун. Азыр деле сүрөт тартып калам. Сүрөтчүлүк өнөрүм азыр тырмак жасоодо, кыздарды боёнтуу учурунда көп жардам берет. Буга чейин атайын ийримдерде окуп, сабактан кийин визажист болуп иштеп жүрчүмүн. Азыркы учурда шаарыбыз дагы сулуулук салондордун биринде тырмак жасоо боюнча мастермин. 2 окуучум бар. Алар менден үйрөнгөн соң бири Бишкек шаарында, экинчиси Москвадагы салондо иштеп жатат.

Апам «өз кесибиң менен иштесең жакшы болот эле» деп көп айтып калат. Атам бул жумушума көмөк көрсөтүп, керектүү буюмдарды алып келип берип, мага дем берип турат. Өткөн жылы атайын ушул тармактагы билимимди тереңдетүү үчүн Бишкек шаарына барып, мастер-класстарга катышып келдим, учурда Москванын онлайн курстарына жазылып, ал жактан дагы көп тажрыйба топтоп жатам», - деди ал.

Каныкей үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×