Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Талас облусу, Талас 29.11.2019 22:20

Айыл турмушу: 20 жаштагы Назгүл — Таластагы визажист жана модель

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Назгүл Соорбекова студент болгонуна карабай сулуулук салондо визажист болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында чоңойгон. Учурда Таластагы медициналык колледжде 3-курста окуп жатат.

«Визажисттин дагы окуусун кошумча окуп, сертификатка ээ болгом. Окуума (жогорку окуу жай) барып, андан кийин Таластагы салондордун биринде айымдарды сулуулап иштейм. Бала кезимден эле медициналык окуу жайда окууну кыялданчумун. Бир чети мектепте окуп жүргөндө кыздарды боёнтуп, сулуулаганды жакшы көрчүмүн. Мектепти аяктаганда кыялданган кесибиме ээ болсом да, бир чети визажист болгум келди. Башында ата-энем каршы болушту. "Кызым, бир жагын эле окуп, ошол жагын жакшы өздөштүрчү" деп айтышкан. Бирок акыры визажист бөлүмүн окуп бүтүп алдым. Ата-энем азыр сүйүнүшөт. Апам болсо мактап турат (күлүп). Азыр кудайга шүгүр, окуума дагы жетишип, салондо иштеп дагы жатам. Негизи башында 2 жакты алып кетиш оңой болбойт экен. Бирок азыр акырындап көнүп калдым.

Колледжде бюджеттик негизде билим алгандыктан азыр өзүмө керектүү каражатты үйдөгүлөрдөн сурабайм (күлүп). Жумуштан тапкан кирешем өзүмдүн керек-жарактарыма кетет. Азыркы учурда Таласта өзүмдүн кардарларым бар. Керек учурумда өздөрү келип, макияж жасатып турушат. Кээде жаңы келген кардарлар "мен чын эле ушундай сулуу болуп калдымбы" деп сүйүнүшсө өзүң дагы аябай сүйүнүп каласың (күлүп). Менин макияж жасалгаларым 350 сомдон өйдө. Жакындарымдын тою болуп калган учурда туугандарга макияж кылып берип, өзүмдү сулуулаганга жетишпей калган учурлар дагы болот.

Акыркы 1 жылдан бери Таластагы дүкөндөрдүн биринде модель болуп дагы иштеп жатам. Келечекте косметолог дагы болгум келет. Сырт жактарга чыгып, өзүмчө салон ачкым келет», - деди ал.

Назгүл бийкеч үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×