Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 09.10.2019 14:10

Өзгөчө ысым: А.Манасовдун ысымы бир топ досторун сүйлөшкөн кыздары менен уруштурган (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 21 жаштагы тургуну Абдынайым Манасовдун атын укканда көпчүлүк учурда кыз экен деп ойлошот. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, бош убактысында кикбоксинг жана күрөш менен машыгат.

«Абдынайым деп чоң атам дүйнөдөн кайтып бара жатып «эркек бала төрөлсө Абдынайым койгула» деп айтып кеткен экен. Абдынайым деген «кудайдын кулу» деген сөз экен. Араб тилинен коюлган ат. Атымды укканда көпчүлүктөр 2-3 жолу сурашат. Атым менен кызыктуу окуялар аябай эле көп болот.

Бир ирет досум сүйлөшкөн кызы менен сейилдеп жүрсө мен жумуштап телефон чалып калыптырмын. Телефондон Абдынайым деп чыкса кызы «сенин башка кызың бар турбайбы?» деп таарыныптыр. Көп досторумду уруштургам (күлүп). Бош убактымда кикбоксинг жана күрөш менен алектенем. Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болууга жетиштим», - деди ал.

Абдынайым 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×