Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 08.10.2019 12:53

«Карма, карма!»: 16 жаштагы кызды ала качышты делген видео иликтенип жатат

Видеодон алынган кадр
Видеодон алынган кадр

Turmush -  Интернтте Таласта жаш кызды ала качышкандыгы тууралуу тараган видео боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, интернетте тараган видеодо жаш кыздын ыйлап, жулунганына карабай бир нече аял кармап, бөлмөдө калтырууга аракет кылып жатканы тартылган. Анда ал кызды 35 жаштагы адамга турмушка берүүгө аракет болуп жаткандыгы кабарланган. Талас ОИИБдин кызматкерлери аталган видео боюнча текшерүү жүргүздү. Азыркы учурда кыз ала качуу фактысы тастыктала элек. Иликтөө иштери улантылып жатат.

Мындан тышкары республика боюнча милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүштү. Милицияга эч ким арыз менен кайрылбагандыгы такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×