Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 04.10.2019 17:01

Таластагы мектепте мугалимдерди «кызыл килемде» тосуп алып куттукташты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 4-октябрда мугалимдердин кесиптик майрамына карата Талас шаардык чет тилдер багытындагы лицейде маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу мектептин директору Станбек Момунбеков билдирди.

Анын айтымында, маданий иш-чара активист окуучулар тарабынан даярдалып, ыр-бий, оюндар менен коштолду. Лицейдин окуучулары 50 мугалимди роза гүлдөрдүн бариктери төшөлгөн «кызыл килемде» тосуп алышты. Алардын ар бирине каалоо-тилектер жазылган баракчалар ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×