Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 04.10.2019 11:52

Таластагы милиционерлер карыяларды сыйлашты

Turmush -  Кечээ, 3-октябрда Карылар күнүнө карата Талас ОИИБдин кызматкерлери ардагерлерди сыйлашты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Буура РИИБдин кызматкерлери 4 ардагерге материалдык жардам көрсөтүп, 4000 сом акча жана азык-түлүк тапшырды. Талас ШИИБдин кызматкерлери ардагерлердин үйүнө барып, азык-түлүк жана кышкыга көмүр түшүрүп беришти. Талас ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков облустун ардагерлерин чогултуп, сый тамак уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×