Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 03.10.2019 13:38

Таласта окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрдан тарта Таласта башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча окутуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.

«Бүгүнтөн баштап өспүрүмдөр арасында жол кырсыгын азайтуу максатында рейд өтүп, профилактикалык иштер жүрүүдө. Бизде бүгүнкү күндө 9 айдын жыйынтыгы менен өспүрүмдөр катышкан 28 жол кырсык катталган. Анын ичинен 7 өспүрүм каза болуп, 32 өспүрүм ар кандай жаракаттары менен ооруканага түшкөн.

Бүгүнкү күндө биз ар бир мектепке барып, окуучуларга, айрыкча 1-класстардын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп, унаа жолдон өтүүнү машыктырып жатабыз. Эртең мененки саат 7:00дөн тарта биздин кызматкерлер мектеп алдындагы жөө жүргүнчүлөр өткөн «зебрада» туруп, окуучулардын жолдон коопсуз өтүүсүн камсыздап, жол кыймылын көзөмөлдөп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×