Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 30.09.2019 14:23

Жеңеке: Айдай айым таластык жигиттерди жаман көрүп жүрүп, Таласка келин болгон (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Айдай Жыргалбаева Таластын балдарын жактырбай жүрүп, кийин таластык жигитти кантип жакшы көрүп калганын өзү дагы түшүнбөй калган. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда төрөлгөн.

«Мен мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарында иштеп жүрдүм. Чогуу иштеген кыздар «Таластын балдары өздөрүн көтөрүп сүйлөйт. Көпдөрдөн өздөрүн өйдө көрөт» дешсе мен ишенип калып, таластыктар менен мамиле кылчу эмесмин. Кийин өзүмдөн 2 жаш улуу Урмат аттуу жигит менен таанышып калдым. Алгачкы күнү эле жакшы сүйлөшүп, көптөн берки тааныштардай эле өткөн-кеткенди айтып отурдук. Урмат Таластан болот экен. Баягы кыздардын сөзү дароо эсиме келди. Бирок Урмат адамгерчиликтүү, үй-бүлөгө камкор экени көрүнүп турду. Ошентип биз бат-бат жолугуп турууну адатка айланттык. Мурун ар кимдин сөзүнө ишенип, Таластын балдары жаман экен деп жүрсөм да убакыттын өтүшү менен таластык жигитти жакшы көрүп калганыма таң калып жүрдүм. Экөөбүз 1 жылга жакын убакыт сүйлөшүп жүрүп, ата-энебиздин макулдугу менен баш коштук.

Талас менен Ысык-Көлдүн ортосунда бири-бирине окшошпогон көп салты бар экен. Мен келин болуп жаңы келген күнү атам менен апам «биздин келинди издеген бирөө барбы, эч ким келбейби?» деп сурашкан. Аларга «сиздер ачуу басар алып барасыздар, болбосо алар келбейт да» деп түшүндүргөм. Көрсө Таласта күйөөгө тийген кызды жеңелери кууп келет экен. Апамдар кууп келгендерди күтүп жатышыптыр.

Келин болуп келгениме 4 күн болгондо үйгө конок келип, Таластын гүлчөтайын жасадык. Апам камырды казанга салгандан кийин «катуу кайнап чыгат, үстүнөн муздак суу менен тап берип, илегенге чыгар» деп кетип калды. Өзүмчө күйпөлөктөп эмне кыларымды билбейм. "Илегенге кантип чыгарып барам. Эч ким жебей коёт го" деп, акырын апама бардым. "Апа, мончодогу илегенге чыгарайынбы?" десем апам отурган ордунан чочуп кетип, далбастап эле казанга жөнөгөн. Көрсө Таласта тамак-аш салган табакты илеген дейт экен. Көлдө болсо илеген деп дагараны айтышат. Азыр дагы төркүнгө барганда илеген деп айтсам эже-сиңдилерим күлүп калышат.

Быйыл Таласка келин болуп келгениме 14 жыл болду. Кудайга шүгүр, бардык салт-санааны үйрөнүп, таластык келин болуп калдым. Азыр үйдө түрдүү гүлдөрдү жасап буйрутма менен иштеп жатам. Жолдошум көп жерден жардам берип, колдоо көрсөтүп келет. Көлгө барган учурда сиңдилериме «Таласка баргыла, Таластын жигиттери мыкты болот» десем күлүп калышат», - деди ал.

Айдай жеңе 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×