Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 30.09.2019 10:20

Айыл турмушу: Мугалим А.Умарбекова университетте мугалимдерди даярдайт (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 54 жаштагы тургуну Анара Умарбекова бир топ жылдан бери агартуу тармагында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Кара-Буура айылында тѳрѳлгѳн. 1989-жылы кыз-келиндер педагогикалык институтунан башталгыч класстарга билим берүүчү мугалим адистигин алып чыккан. 2017-жылы «Айылдык башталгыч мектеп менен үй-бүлөнүн бирдиктүү аракети аркылуу окуучулардын билим сапатын жогорулатуу» деген илимий иши менен педагогика илимдеринин кандидаты болгон. 43 илимий эмгектин автору.

«Мектепти аяктаганда экономист болом деп кыялданчумун. Бирок окууга өтпөй калып, мектепте пионер башчысы болуп иштеп калдым. Башталгыч класстар менен иштешип, аларга сабак бергендерди көрүп, мугалим болом деп кийинки жылы башталгыч класстардын мугалими адистигин окуп баштагам.

Окууну аяктап келген жылдары айылымда иштедим. Турмушка чыккан соң Талас шаарындагы №5 орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектендим. 1996-жылдан баштап Талас мамлекеттик университетинде методист болуп иштеп баштагам. Андан кийин окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары, доценттикке жеттим. Учурда педагогика кафедрасынын башчысы жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин катчысымын», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаш балдардын жакшы билим алуусу үчүн ата-энелер да көңүл бурушу керектигин белгиледи.

«Биз университеттен башталгыч класстардын мугалимдерин даярдайбыз. Негизи эле башталгыч класстагы балдар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөчө мамилени талап кылышат. Аларды калыптандырып, пайдубалын бекем куруу керек. Класста канча окуучу болбосун бардыгына сабакты үйрөтүшүң керек. Бир бала эле бир тамгадан калып калса пайдубалына жарака кетет. Жаш өзгөчөлүгүнө карата мектепти сүйдүрүү, кызыктырууну билүү керек.

Мен жаңы бүтүп келгенде теориядан жакшы окуп келгеним менен практиканы өздөштүрүү кыйын болду. Жаңы иштеп баштаган жылы эле бир окуя болгон. Балким мен жаштык кылсам керек деп ойлоп коем. Жаңы иштеп баштаганда класс беришти. Ал класста жалаң бешке окуган кыз бар экен. Ал бир жолу мен айткан тапшырманы аткарбай келиптир. Мен ага 3 деген баа койдум. Ал кыз токтобой ыйлады. Анан ал үйүнө айтып барыптыр. Ата-энеси чоң кызматта иштеген кишилер экен. Эртеси менин үстүмдөн арыз жазып келишиптир. Анан аларга эмнеге 3 деген баа койгонумду түшүндүрүп бердим. Ошол күндөн тарта ал окуучум бир да тапшырма аткарбай келген жок. Азыр да жолуккан жерден чуркап келип, кучактап учурашып турат.

Жаңы иштеп жүргөн кезде классыма малчылардын балдары келди. Алар бир күнү келсе, бир күнү келбей коюшат. Өзүм турмушка чыгып, жаңы үй-бүлө күткөн кезим болсо да сабактан чыгып алып, ар биринин үйүн кыдырчу элем. Ата-энелерине «балаңызды жөнөтүңүз, бул материалды өттүк» деп түшүндүрүп берчү элем. Ошол убак такыр эсимден кетпейт. Үйгө келгенде жолдошум дагы күлчү.

Башталгыч класстарда ата-эненин көзөмөлү, жардамы керек. Анткени жумуштан чарчап келип, баласы менен иши жок болгон ата-энелерди да көп көрдүм. Бала убагында уктабай, уйкусу канбай калса мугалим эң жакшы ыкмага салып өткөн сабакты да жакшы кабыл албай калат. Жаш өзгөчөлүгүнө маани берүү деген ушул. Баланы эрте уктатып, убагында тургузуп, ар бир нерсени режиминде жасаса сергек жана кабыл алуусу күчтүү болот», - деди ал.

Мугалим айым 2 уул, 1 кыз, 2 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×