Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 27.09.2019 16:09

Айыл турмушу: 26 жаштагы Айнура Таластагы жалгыз тери-венеролог дарыгер

Turmush -  Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну Айнура Мыктыбекова Талас облусундагы жалгыз тери-венеролог дарыгер. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2010-жылы Талас шаарындагы №3 мектеп гимназиясын аяктап, Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан жогорку билим алган.

«Медициналык окуу жайга өткөндө абдан сүйүнгөм. Анткени бул кесипти аркалоо менин кыялым болчу. Туугандарым, тааныштарым менин медициналык окуу жайга кабыл алынганымды угуп, «окууга эле көп убактыңды коротосуң» деп айтышты. Бирок сүйгөн кесипке ээ болуу менин максатым болгондуктан алардын айтканына маани берген жокмун. 2017-жылы окууну аяктап, тери жана венерология бөлүмүнө ординатурага өтүп, аны быйыл аяктадым. Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегениме 1,5 жыл болду. Бул жерде тери-венеролог жана терапевт дарыгер болуп иштеп жатам», - дейт А.Мыктыбекова.

Ал тери ооруларына кабылгандар көп экенин айтат.

«Талас облусу боюнча мамлекеттик ооруканада иштеген жалгыз тери-венеролог дарыгермин. Мага псориаз оорусуна чалдыккандар, башы ириңдеп кеткен бейтаптар келишет. Дарылануудан соң айыгып кеткен бейтаптар ыраазы болуп, көргөн жерден саламдашып калышат. Медицина тармагы дайыма окуп, билимди тереңдетип турууну талап кылгандыктан окууларга барабыз», - дейт дарыгер.

Анын айтымында, көп бейтаптар ооруну күчөтүп алгандан кийин келишет.

«Ординатурада кызмат өтөп жүргөндө бир бейтап келди. Аны дарыгерлер «Мальчик дерево» деп аташчу. Анткени денеси теректин кабыгындай болуп, бүдүрлөр каптап кетиптир. Бул өтө сейрек кездешкен оору болгондуктан дүйнө жүзү боюнча саналуу гана адам бул ооруга чалдыгат экен. Ал дайыма дарыланып турчу. Негизи адамдардын көбү ооруканага убагында кайрылбай, ооруну күчөтүп алганда келишет», - деди А.Мыктыбекова.

Ал үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×