Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 23.09.2019 17:23

«Атын айта албай койду»: Көчмөндөр оюндарында адашкан бөбөк жана эс-учун жоготкон кыздар

Turmush -  Милиция кызматкерлери Улуттук көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинде ата-энесинен адашып калган 57 баланы жакындарына тапшырышты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Маалым болгондой, 21-сентябрда «Манас Ордо» комплексинде 70 миңге жакын конок болду.

«Ата-энесинен адашып кеткен балдар көп болду. Тактап айтканда, адашкан 57 бала ата-энесине тапшырылды. Алардын эң кичинекейи 3,5 жаштагы бөбөк экен. “Апа” деп ыйлап, өзүнүн атын айта алган жок. Биздин атайын штабда 2 сааттай уктады. Андан кийин ата-энеси табылды. Ата-энеси да издешкен экен. Ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

Маданий иш-чарада ыктыярчы студент кыздар эс-учун жоготуп кулаган. Алар, тактап айтканда эки кыз милициянын көчмө унаасы менен ооруканага жеткирилди. Ага чейин милиция кызматкерлери көтөрүп келишип, биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин ооруканага чейин жеткиришкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×