Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Талас облусу, Талас 22.09.2019 12:24

Чүйдүн командасы Көчмөндөр оюндарында көк бөрү турнирин жеңип алды

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдешинде Чүй облусунун командасы жеңүүчү аталды.

Маалым болгондой, финалдык беттеш 21-сентябрда Р.Алканов атындагы ат майданда өткөрүлдү.

Байгелүү орундарга ээ болгон командалар:

- 1-орун Чүй облусу, байгеге 300 миң сом;

- 2-орун Ош облусу, байгеге 200 миң сом;

- 3-орун Талас облусу, байгеге 100 миң сом;

- 4-орун Бишкек шаары, байгеге 45 миң сом.

Мелдеште мыкты оюнчу катары Чүй облусунун командасынан Кубантай Султан уулу аталса, мыкты күлүк деп Манас Ниязовдун Ош облустук командасынын күлүгү Шторм табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×